• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асановдун сүйлөшүүсү делген аудио боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

6 Тогуздун айы 2021 15:05 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, учурда абакта отурган Курсан Асановго таандык делген аудио боюнча экспертиза жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып берген.

Эске салсак, 14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев да кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Аудионун адистештилген экспертизасынын жыйынтыгын төмөнкү шилтеме менен толук окуй аласыз.

Количество просмотров: 442