• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Аскар Акаев: “Назарбаев акылман жетекчи катары эсте калат”

20 Жалган куран 201917:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV

Кыргызстандын качкын президенти Казастандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин өзүнүн ыйгарым укугун токтотуп, өз эрки менен тапшырып бергендиги тууралуу «Национальная служба новостей» маалымат агенттигине пикирин билдирди.

“Мен бул кадамды боло турган нерсе  эсептейм. Назарбаев улгайды. Ал 1985-жылдан бери Казакстандын министрлер кеңешинде төрага болуп иштеп, өлкөнү дээрлик 35 жыл башкарды. Ошентип ал жаңы кадрларга жол ачты. Бул менин оюмча акылдуу кадам болду. Акылман башчы катары эсте калат. Назарбаев Казак эркин мамлекетинин башатында болду. Анын тушунда Казакстан дүйнө жүзүндө кадыр баркка ээ болду. Анын иши жемиштүү болгондугу менен эскерилет деп ойлойм”,-деди Аскар Акаев.

Теги:
Количество просмотров: 26