• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аскат Жетигенге дагы бир кылмыш иши козголду

20 Жалган куран 2024 15:26 Бишкек Govori.TV

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенге 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козгоду. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады.

Анын айтымында, ырчынын 15-марттагы видеосу боюнча экспертизанын жайынтыгы чыкканын, ошонун негизинде айып коюлганын кошумчалады.

Ал эми учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аскат Жетигендин бөгөт чарасы каралганы турат.

Эске салсак, УКМК 16-мартта Аскат Жетигенди кармап, 48 саатка камакка алган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Буга чейин, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деген айып менен, 2022-жылы кылмыш ишин козгогонун кабарлаган. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Атайын кызмат Аскат Жетигендин иштери боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 669