Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.
Сауд Арабияга көчмөндөр оюндарын көрсөтүү үчүн барган цирк артисти Асланайым Аширова оор жаракат алган. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө Асланайым Аширова өзүн-өзү билип барып атка олтуруп алгандыктан жаракат алганын жазган.
Ал эми жаракат алган Асланайым Аширова өзүнүн фейсбук баракчасына мындай маалымат жалган экенин жана ал өзүн-өзү билемдик кылып атка минбегенин жазып чыкты.
«Биз баарыбыз бир өлкөдөн келдик, биз бири-бирибизди коргошубуз керек. А сиз (Айнура.Т) мен өзүм билемдик кылып аткам минип жаракат алган деп жатасыз, бул чыккынчылык катары көрүнүп калды. Сырттан көз салсак сиз (Айнура.Т) өзүңүздү коргоо аракетин кылып жаткандай болуп калды, ооба эч ким жоопкерчилик алыгысы келбейт, бирок калптын эмне кереги бар. Бул жерде тартип катуу каралууда, тартип сакчылары баардык объектти кайтарууда. Анан кантип мен барып өзүм атка минип алмак элем?
Мен фестивалга өлкөбүздү таанытуу үчүн келгем, мындай болуп калганы өкүнүчтүү. Мен катуу эле ылдамдыкта келе жаткам, атты токтоотуучу жерде атчан кыз, сол жакта жеңил унаа жана дагы бир аял турган. Акыркы секундага чейин атты буруп кетүүгө аракет кылдым, чаап келе жатып тиги кызга жолдон кетүүсүн айтып кыйкырып жаттым. Кагылышуу болсо мындан да жаман болмок»,-деп жазган Аширова.