• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Аспеков менен кошо айыпталган Жураевге 260 миң сом айып пул салынды

25 Бугу 202119:22 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Улан Жураевге 260 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу өкүмү чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда мындай өкүм 11-майда эле чыккан.

Жарандык активисттер Улан Жураев менен Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Улан Жураев тергөө менен кызматташууга барганы үчүн 23-январда үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 134