• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ассоль Молдокматова Сооронбай Жээнбековго арызданды

5 Чын куран 2018 9:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.04.2018.Govori.TV 

Белгилүу «шоувумен», алып баруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова Президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, Маданият министри Султан Жумагуловго чара көрүүнү суранды. Себеби Маданият министри жеке кызыкчылыктан улам, жакында бет ачаары болуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган  «Жамийля» спектаклин, 24-25-апрелде Анкара шаарында болчу Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы ТЮРКСОЙдун иш чарасына  катыштырбай жатыптыр.

«Жамийля» спектаклинин автору Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова, Султан Жумагуловго жакпайт экен. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскарды дагы ТЮРКСОЙ уюштуруп жаткан  Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына катышуусуна Султан Жумагулов каршы болуп жатыптыр.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мындай өз билемдике салган министрге чара көрбөсөнүз болбойт,-дейт Ассоль Молдокматова.

Количество просмотров: 41