• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Асыл тукум кочкорлорду уурдаган шектүүлөр кармалды

24 Тогуздун айы 2023 12:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда асыл тукум кочкорлорду уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 7 жарандан арыз түшкөн. Алар 2023-жылдын 20-сентябрынан 18-октябрга чейинки аралыкта үйлөрүнүн короосунан 15 баш койду белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Алардын арасында базар баасы 100 миң жана 200 миң сом болгон асыл тукум кочкорлор да болгон. Натыйжада жабырлануучулар 650 миӊ сомго жакын чыгымга учурушкан.

Бул фактылар Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары 2003-жылы туулган А.С., А.А., 2004-жылы туулган З.Н. жана Жалал-Абад шаарынын тургуну 2005-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган койлордун ичинен асыл тукум кочкорлор менен кошо бешөө табылып, өз ээлерине кайтарылып берилди.

Количество просмотров: 181