• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ата-энесинен ажыраган алты балага Бишкектен батир берилди

12 Жетинин айы 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарда текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан кабарлашандай, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясы тарабынан мыйзам талаптары бузулуп, мурасталган кыймылсыз мүлктү аныктоо жана турак-жайга муктаж болгон жетим балдарды каттоо боюнча иштер жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган.

Аталган категориядагы балдардын бузулган укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, көзөмөл органы тарабынан шаардык мэрияга прокурордук чара көрүү актысы келтирилди.

Прокуратуранын сунушун кароонун жыйынтыгы менен мэрия тарабынан Е.Ю., Б.И., Ж.Н., Н. Уулу К., Э.Ж., жана А.Б. аттуу ата-энесинен ажыраган балдарга 6 батир берилди.

Количество просмотров: 3798