• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Атайын репортаж: Административдик ресурс кимге иштейт?

15 Тогуздун айы 2021 17:30 Бишкек Govori.TV

 Шайлоого катышуу ниетин бирдиктүү округдан 75 партия, бир мандаттуу округдан 381 адам арыз берди. Бирок, алардын канчоо каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча так эмес. Ал тапта бийлик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, административдик ресурс, добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр катуу жазаланарын эскертип баштады.

Президент Жапаров шайлоого аттанган талапкерлерге кайрылып, таза шайлоону өткөрүү боюнча биригип иш кылууга чакырды.

Буга чейин бийликчил партиялар дарыгерлер менен мугалимдерди колдонуп, мыйзамсыз ишке аргасыздан кириптер кылып жатканы байма-бай эле айтылып келген. А түгүл өткөн 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо бир катар көрүнүштөр байкалганы айтылган. Шайлоого коомдук көзөмөл жүргузгөн  “Таза шайлоо” бирикмесинин эксперти Тимур Арыковдун айтымында админресурсту колдонуу сыңары бузууларды мыйзам түрүндө далилдөө оордукка турат.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары бийликчил деп сыпатталган. Саясат талдоочу Адил Турдукулов азыркы бийлик эч бир партияга жан тартпай турганын кайталап жатканы менен азыр деле жогору жактын колдоосуна ээ болгон партиялар бар деп эсептейт.

Бул жолку кайра шайлоодо бийликчил делген партиялар азырынча ачык айтылбаганы менен, бирок айрым партиялардын тизмелери талкуу жаратууда. Мындан улам өткөндүн катасы кайрадан кайталанып калуу ыктымалдыгы бар деген пикирлер да бар. Ал эми эксперт Шаирбек Маматокторов бийликтин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ашкере көңүл буруусу шайлоого карата тымызын даярдык катары баалоого болоорун айтат.

Белгилей кетсек, өлкөнүн тарыхында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, бир жылдан кийин кайра шайлоо өткөн учур биринчи жолу болуп жатат. Депутат Нурбек Тотоновдун айтымында бир жыл аз убакыт болсо да, бирок эл шайлоо маданиятын үйрөнүп, бул жолу туура тандоо жасайт.

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо 2020-жылы октябрда башталган саясий кризиске чекит коюп, өлкөнү толугу менен мыйзам нугуна сала турчу шайлоо экени айтылууда. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев таза шайлоо өткөрүү бир гана бийликтин эмес, карапайым калкытын да колунда экенин белгилейт.

Парламенттик кайталап шайлоо  Жаңы Баш мыйзамга ылайык аралаш система менен өтүп, 7-чакырылышка 90 депутат келет.  Кыргызстан мындай шайлоону биринчи ирет өткөрүү алдында турат. Жана бул жолу парламентке бийликчил деген партиялар  келбейт деген кепилдик жок. Себеби, өлкө президенттик башкарууга өтүп, бар бийликтин баары бир колго топтолуп, мыйзам  чыгаруучу башкы орган болгон Жогорку Кеңештин укутары кыйла азайды. Деген менен коомчулукта эл өкүлдөрүнөн куралган парламентке бийликтин көзөмөл орноткусу келет деген пикирлер да жок эмес.

Количество просмотров: 473