• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Таштандыны туш келди ыргыткандарга айып салынды

7 Бугу 2024 17:15 Бишкек Govori.TV

Муниципалдык инспекция бир күндүн ичинде 702 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өткөн суткада эле Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы 702 миң 500 сомго 55 протокол түздү. Айыптарды негизинен жарандар жана чарбалык субъектилер алган.

«6-майда өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө Октябрь району боюнча 225 миң сомго 15 протокол, Свердлов районунда 213 миң 500 сомго 18 протокол, Биринчи май районунда 660 миң сомго 6 протокол, Ленин району боюнча 198 миң сомго 16 протокол түзүлүп, айып салынды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 81