• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атайын репортаж: Аткаруу бийлигинде бийлик барбы?

14 Аяк оона 2021 19:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан эли президенттик башкаруу формасын тандагандан кийин жаңы конституциялык долбоор жазылып, башкы мамлекеттик структуралардын ыйгарым укуктары өзгөрдү. Аткаруу бийлиги эми толугу менен мамлекет башчынын алдына өттү. Негизи эле жаңы конституциялык долбоордо аткаруу бийлигине кандай укуктар берилген? Көз чаптырып көрөлү.

  • Аткаруу бийлигин президент ишке ашырат
  • Министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын президент аныктайт
  • Министрлер кабинетинин төрагасы- Президенттин администрация башчысы
  • Президент аткаруу бийлигинин ишин тескейт, министрлер кабинетинин жана аткаруу бийлигинин иш жыйынтыктарына керт башы менен жооп берет, министрлер кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырма берет. Алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, министрлер кабинети жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат.
  • Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамын президент аныктайт.
  • Министрлер кабинетинин мүчөлөрү отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат

Мындан ары облус башчылары президентке баш ийет. Ага ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жетектеген аймакта өлкө башчы аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу боюнча сунуштарды киргизе алат. Бир сөз менен айтканда ыйгарым укуктуу өкүл — облустун башкы кызмат адамына айланды. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, мамлекет башчы эми акимдерди өзү дайындап, бошотуп калды. Буга чейин бул укук өкмөт башчыда болгон.

Жаңы Конституцияда министрлер кабинетинин Жогорку Кеңеш алдындагы отчет берүүсү жөнүндө жобо жок. Министрлер кабинети президенттин алдында гана жооп берет. Жогорку Кеңеште премьер-министрге ишеним көрсөтпөө укугу жок, ЖК Өкмөттүн курамына жана түзүмүнө таасирин тийгизе албайт.

Парламент депутаты Сайдулла Нышанов мамлекеттик башкаруунун эки тизгин бир чылбыры бир адамга өткөнүнүн оң жана терс жактарына токтолду.

Саясат талдоочулар аткаруу бийлигин ишке ашырган президенттин бүгүнкү күндө ачык кадамдары байкала элекетигин айтышууда.

Бийликтин жүйөсү боюнча, парламенттик башкаруу учурунда жоопкерчилик жок болгон. Мындан улам президенттик башкарууга өттүк. Анын жыйынтыгында президент аткаруу бийлигинин башына келип, ыйгарым укуктары көбөйдү. Жапаров Министрлер кабинетинин иши үчүн жоопкерчилик алабы?

Буга чейин оош-кыйыш мезгилдерде улам өкмөттү садага чаап, алмаштырган ыңгайлуу эле. Эми эки тизгин, бир чылбыр колуна тийген президенттин алдында «чү» дегенде эле , экономиканы көтөрүү, коррупцияны тизгиндөө, тышкы саясатты бекемдөө өңдүү орчундуу милдеттер турат. Аткаруу бийлигин ишке ашырган өлкө башчы мамлекеттин жүгүн көтөрүп, эл мүдөөсүн канчалык деңгээлде орундатат убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 253