• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаев дарылануу үчүн Москвага чакырылды

10 Баш оона 2022 10:20 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы борбордук клиникалык ооруканага чакырылды. Бул тууралуу социалдык тармакка анын жактоочусу билдирүү калтырты.

Ага ылайык, Атамбаевге атайын жардам көрсөтүү үчүн аталган медициналык мекемеге чакырылганы тууралуу маалымкат берилген.

Буга чейин адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кошумча даарыланууга муктаж болуп жатканын билдирген. Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазган жактоочу Атамбаев кошумча медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж экендиги М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери чыгарган жыйынтыкта белгиленгенин айтат.

Быйыл 25-майда Алмазбек Атамбаевди №27 абактан дарылоо максатында Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, ал ооруканада дарыланып чыккан.

Количество просмотров: 2244