• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алган Курманкуловдун азыркы абалы (видео)

9 Чын куран 2020 17:30 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш айылында мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясы убагында башына таш тийип, жаракат алган Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жайгаштырылган. Видеодо Ички иштер министринин атынан куттуктоо окулуп жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн, 9-апрелде Курманкулов 43 жашка толду. Ал аскердик ооруканада.

Ал 6-апрелде узак дарылануудан кийин Россиядан Кыргызстанга учуп келген.

С.Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таштагы окуядан баш мээсинен жаракат алган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан ага эки жолу операция жасалган.

11-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда Самат Курманкуловдун абалы боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери — Полупан Александр Александрович жана Латышев Ярослав Александрович катышкан. Кеңешмеде аны Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечими кабыл алынган болчу.

Количество просмотров: 12297