• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Атамбаевди тарапташтары Кой-Таштагы конфискацияланган үйүндө күтүп жатышат

14 Бирдин айы 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны Кой-Таш айылындагы үйүндө тосуп алууга камынып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.

«Үйү жана үй-бүлөсү кожоюнун тосуп алууга камынып жатышат», — деп жазган ал.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдан баштап жалпы 7 кылмыш иши козголуп, бирөөсү боюнча чечим чыккан. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон. Анда бир топ үй-мүлкү конфискацияланган. Кийин Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү 2022-жылдын апрель айында эле мамлекетке өткөнү маалымдалган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-февралда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Биринчи Май райондук соту экс-президентти дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди. 

Количество просмотров: 2802