• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Атамбаевдин кошоматчылары эми Атамбаевдин сынчылары болду

9 Тогуздун айы 201819:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды өз убагында ары бери кенен калчады. Мамлекетке кызмат кылбай эле, Атамбаевдин аркасынан, ошол кездеги кошоматчылар жогору даражадагы сыйлыктарга ээ болушту.
“Абсамат Масалиев 2-даражадагы “Манас” орденин өмүр бою өлкөгө кызмат кылып жүрүп алса, ал эми мындан бир жыл мурунку “Манас” орденин ага татыктуу келген эч ким алган эмес”, бул тууралу Онугуу прогресс фракциясынын лидери айтып чыкты
Акыркы мезгилде кадыры түшүп кеткен мамлектик сыйлыктардын баркы кайра жаңы таризге келгенин Бакыт Торобаев айтып, Жээнбековду мактагансыды.
Мумкун Торобаев Манас орденине татыксыз Сапар Исаковду айтып жатса керек. Анда бул жагы туура.
Учурда Исаков коррупцияга шектелип, камакта. Ошол эле кезде, Атамбаевдин доорунда кошоматчы болгондорду бүгун сыйпалап тапппайбыз.

 

Количество просмотров: 58