• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атамбаевдин саламаттыгына байланыштуу соттук отурум жылды

16 Бештин айы 2020 15:41 Бишкек Govori.TV

16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу соттук отурумду кийинкиге калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга негизги айыпталуучулардын бири Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сотко келбегени себеп болду. Конвой өкүлдөрү Атамбаевдин билдирүүсүн тапшырышты. Ал  ден-соолугуна байланыштуу процессти бир жумага жылдырууну суранган. Кийинки отурум 23-декабрь, саат 14:00гө белгиленген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен чогуу «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», «Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турган кылмыш ишине байланыштуу айыпталууда.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов «Батукаевдин иши» боюнча Атамбаевди 11 жыл, эки айга кескен, ошондой эле анын өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыраткан.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Атамбаев алгач УКМКнын тергөө абагында кармалып турган, быйыл ноябрь айында Бишкектеги №47 абакка которулган.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Адвокаттары анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылышууда.

Количество просмотров: 67