• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алдына чогулушту

21 Бирдин айы 2020 16:05 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айрым тарапташтары бүгүн, 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына чогулушту.

ПРЯМОЙ ЭФИР! Возле здания ГКНБ собрались сторонники Алмазбека Атамбаева.

Опубликовано Телеканал «Апрель» Пятница, 21 февраля 2020 г.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, мурдагы президенттин тарапташтары анын саламаттыгына тынчсызданууда. УКМКнын имаратынын жанында турган Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын журналисттерге билдиргенине караганда, алты депутат болуп бүгүн Атамбаевге жолукканы жатышат.

Кодуранова журналисттерге билдиргендей, алар Атамбаевге кездешүүнү дүйшөмбү күнү эле пландашкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу 19-февралда анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан.

Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт жана башка күтүүсүз натыйжаларга алып келиши ыктымал экенин айтып жатканын жазган.

20-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп, ден соолугун көрүп чыгышты. Кыйноого каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, мурдагы президент кан басымы төмөндөп, башы ооруп жатканына даттанган. Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 129