Бишкек шаардык соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
№ 1 тергөө абагына камалгандан бери Амантур Жамгырчиевге карата бир дагы тергөө аракеттери көрүлгөн эмес. Ага кылмыш кылган деп айып тагылса, анда аны камакта калтыруу негиздүү болмок. Бирок, аны эч ким айыптаган жок, -деп билдирген жактоочу.
Эске салсак, Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Амантур Жамгырчиев, Манас Шаменов жана Рысбек Карыпбек уулу «Кой-Таштагы окуялардагы кылмыш иштерине тиешеси бар»,- деп 9-августта камакка алынган.