Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда Матраимов менен Сабиров мушташты. Бул тууралуу “Репортер.kg” сайты өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда,Ош шаарындагы ресторандардын биринде өткөн бизнесмен Жалил Атамбаевдин уулунун үлпөт тоюнда келген коноктордун ортосунда чыр чыккан.
Анда Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Таалайбек Сабиров менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов уруша кетишкен.
«Өздүк булактардын айтымында, саясатчылар ал учурда мас абалында болушкан жана сөз талаштын аягы кол көтөрүүгө чейин жетип, мушташ менен аяктаган»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган той бир нече күн мурун Ош шаарындагы ресторандардын биринде өткөн ага миңден ашуун адам катышкан.