• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин жакындары ага ооруну атайылап жуктурушту деп эсептешет

30 Кулжа 2020 14:50 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары ага тергөө абагында ооруну атайылап жуктурушту деп эсептешет. Анын уулдарынын “Фейсбуктагы” баракчаларына жарыяланган билдирүүдө “Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү ага ооруну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында атайылап жуктурушту деп ишенип жатабыз” деп жазылды.

Ошондой эле УКМКнын тергөө абагы инфекциянын жайылткычына айланганы, камакта отургандардын кеминде онунан COVID-19 табылганы, Атамбаевге оору анын жакындарынан жана адвокатынан жукту деген божомол “абсурд” экени, себеби аны менен жолугушуулар өтө сейрек уюштурулары жана атайын коргоочу айнек аркылуу, беткап кийип өтөрү айтылды.

Билдирүүдө “Бийлик карантинге карабастан Атамбаевди жана анын тарапкерлерин гана Кой-Таш окуясы боюнча сотко коргоо каражаттарысыз ташып жатты. Бийлик ошондо эле өзүнүн саясий каршылаштарына коронавирус жуктуруу ниетин көрсөткөн деп эсептейбиз. Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы 11-майда Атамбаевге оорунун жугушун алдын алуу үчүн аны үй камагына чыгаруу керектигин билдирген, бирок бийлик ал кайрылууну атайылап көз жаздымда калтырган” деп жазылды.

Атамбаевдин туугандары азыр ал каерде экенинен кабары жок болуп жатканын, аны абактан туугандарына айтпай чыгарып кетишкенин, бейшембиден бери “кооптуу долбоор катары” таанылган “Эргоферон” деген дары менен дарылап келишкенин билдиришти.

УКМКнын маалымат кызматы Атамбаев 29-июнда өзүн начар сезип жатканын айткандыктан андан COVID-19га анализ алынганын, жыйынтыгы таза чыкканын, ошол эле күнү онлайн консилиумдан кийин өпкөсүнүн эки жагы тең пневмония болгону аныкталганын 30-июнда билдирди.

Атамбаев стационарга которулганы айтылды, бирок кайсы ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат берилген жок.

Атайын кызмат Атамбаев соңку апта ичинде адвокаттары жана туугандары менен бир нече жолу жолукканын белгиледи:

“Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында УКМКнын тергөө абагында жолугушууларды айнек тосмо аркылуу өткөрүү сунушталган. Соңку аптада Атамбаев менен бир нече жолу жолуккан жактоочулары жана жакындары ага кагаздарды жана башка буюмдарды колмо-кол беришкен. Расмий маалымат боюнча, адвокат Замир Жоошевде вирустук инфекциянын айрым белгилери байкалууда. Ал азыр Ысык-Ата районунда коронавирустан дарыланып жаткан жакын тууганы менен байланышта болгон”.

Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы окуя боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага карата козголгон дагы бир иш боюнча жакында өкүм чыгып, ал 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 817