• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Атасы кызы менен баласын сөгүп, тилдеп жаткан видео боюнча милиция билдирүү таратты

12 Тогуздун айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта таралып жаткан видео боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 11-октябрь күнү социалдык желесине эркек киши балдарын тилдеп жаткан видео тараган.

Милициянын маалыматына ылайык, видео боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы аталган жарандын өздүгүн аныктап, ал Кара-Суу районунун тургуну 1987-жылы туулган М.М. экендиги такталган.

«Тактоо иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жаран РФнын жараны, болот. Мурдагы жубайы менен 1 кыз, 1 уулу бар жана алар менен учурда чогуу жашабагандыгы маалым болду. Ал эми тартылган видео тасма ушул жылдын апрель айында РФнын аймагында жүргон учурда тартылгандыгы такталды. Бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти мекемеден.

Количество просмотров: 1426