• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Аткезчилик жолу менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин кармалды

6 Чын куран 2021 16:47 Бишкек Govori.TV

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Ж.Э.М., А.М.Р., М.Ш.А жана М.М.Д. аттуу тургундарына таандык төрт «Мерседес Спринтер» унаасы кармалды.

«Кармалган унааларды тинтүүдө коңшу мамлекеттен Кыргызстандын базарларына сатуу үчүн алынып келинген мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөр табылып алынды. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн. Коштоочу документтердин жоктугунан товарларды кармоо боюнча протоколдор түзүлүп, кармалган товарлардын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар «Баткен» бажы терминалына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 84