• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аткезчиликке айыпталган мурдагы бажы кызматкери 10 жылга кесилди

28 Жетинин айы 2019 15:15 Бишкек Govori.TV

Душанбе шаарынын Сомони райондук соту аткезчиликке айыпталган мурдагы эки бажы кызматкерин 10 жана 6 жылга эркинен ажыратты.

Шомилжон Наботов менен Мухаммаднозим Нозимов быйыл май айында тажик президенти бажы, салык жана каржы органдарынын ишин сындап, аткаминерлер коррупция жана уурулукка барып жатканын айткандан кийин кармалышкан.

Мурдагы эки бажы кызматкери тажик-өзбек чек арасындагы бажы бекетинде иштешкен.

Адвокаттын айтымында, Мухаммаднозим Нозимов 23-майда, укук коргоо органдары Душанбеде фура кармагандан кийин камалган:

–Ал унаа Өзбекстандан кийим ташып келаткан. Жүк бажы тариздөөсүнөн өткөн эмес.

Бул иштин алкагында алты киши кармалган – үчөө бажы кызматкери, экөө өзбекстандык айдоочу болгон. Кийинчерээк Мухаммаднозим Нозимов менен Шомилжон Наботовдон башкалары айып пул төлөгөн соң бошотулган.

Соттолуучулар да 55 миң сомони (5,5 миң доллар) өлчөмүндөгү материалдык зыянды толугу менен мамлекетке кайтарып беришкен.

Количество просмотров: 201