• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Аты менен сууга түшүп кеткен баланын сөөгү бир айдан кийин табылды

23 Кулжа 2021 10:09 Бишкек Govori.TV

Аксы районунда көпүрөдө аты үркүп сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бирдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-май күнү 2010-жылы туулган Э.Н. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Кара-Суу айыл аймагындагы Түндүк жайлоосуна мал айдап бара жатып көпүрөдөн аты үркүп, сууга түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылбай келген.

22-июнь күнү издөө иштердин натыйжасында саат 18:00 чамасында Аксы райондук ӨКБнүн куткаруучулары тарабынан Желе-Терек тилкесиндеги сууга түшкөн жерден болжол менен 4-5 км төмөн жактан баланын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 128