Милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген 34 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-февралда К.К. жана анын 2022-жылы туулган баласын урушуп, денесине залал келтирген күйөөсү К.Д.га карата чара көрүүнү суранган.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жарандын өздүгү такталып, кармалган. Тергөө кызматына алынып келинген 1988-ж.т жаран РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.