• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Азаттыктын» эки журналисти жардырууда көз жумду

1 Бугу 2018 9:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.05.2018. Govori.TV
«Эркин Европа/Азаттык» радиосу  эки журналистинен айрылды. Бул кайгылуу кабарды радио бүгүн таңдагы чыгарылышында айтып чыкты.
Андагы маалымат боюнча,  Ооганстандын Коопсуздук кызматы жайгашкан имараттын алдына жанкечтинин аракет менен ири жардыруу болуп, ал жардыруу болгон жердеги көрүнүштү чагылдырууга ММК өкүлдөрү барган кезде экинчи жардыруу катталган.
«Бул кол салууда «Озоди» радиосунун («Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган кызматы) Кабулдагы бюросунда иштеген эки кабарчыбызды Сабавун Какар менен  Абдулла Хананзай жоготтук. Биз үчүн гана эмес, Кабулдагы журналисттер жамааты үчүн да абдан кайгылуу окуя болду, аябай капа болуп турабыз. Азыркыга чейин шок абалдабыз, өзүбүзгө келе албай жатабыз»-деген  радионун ооган кызматынын редактору Кадир Хабиб.
Кошумчалай кетсек, жардыруудан аталган радиого жакындан жумушка кирише турган, тренингдин катышуучусу  Мохаррам Дурани да каза тапкан. Кийинчерээк, бул жардырууну «Ислам мамлекети» террордук тобу уюштурганы белгилүү болгон.

 

Количество просмотров: 24