• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ажылык сапарга баруу үчүн 7000ден ашык кыргызстандык каттоодон өттү

1 Үчтүн айы 2020 14:47 Бишкек Govori.TV

2020-жылы ажылык сапарына баруу үчүн Кыргызстандан 7525 жаран катталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоого алынган зыяратчылардын баары РСК банкы аркылуу акча каражатын төлөгөн.

«Учурда ажылыкка катталган жарандардын документтерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө. Алгачкы төлөм 500 долларды түзөт, ошонун негизинде гана кезекке тургузулат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ажылык сапарына каттоо 2019-жылдын 16-декабрда башталган.

Количество просмотров: 335