«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Арслан Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 7-августта кабарлады.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азия Ньюс» басылмасынын башкы редактору Аслан Сартбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 313-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.
Бул факты боюнча журналисттин Интернетке жарыялаган материалынын мазмуну тиешелүү экспертизадан өткөрүлөт.