Ала-Тоо аянты бүгүн саат 14.00дөн 23.00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концертке байланыштуу жабылат.
Айдоочулар алдын ала маршрутту пландоону суранышат.