Бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча белгиленген сот отурумуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышат. Бул тууралуу Govori. TVга жактоочу Замир Жоошев билдирди.
«Алмазбек Атамбаев саламаттыгы начар болгонуна карабай, сот жараянына катыша турганын билдирип, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан балдарды колдоо үчүн келе турганын кошумчалаган»,-деп билдирди Жоошев.
Белгилей кетсек, 27-апрелде соттук отурум айрым адвокаттардын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сотко келбегенине байланыштуу 29-апрелге жылдырылган эле.