• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

28 Чын куран 2022 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Баш-Кара-Суу» суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу 28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш айылдары, 105-контурдун батыш тарабы, ЖЭБ-2 жаңы конушу, жаңы Селекция району, Достук айылы, Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында суу өчүрүлөт.

Количество просмотров: 78