• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүгүн Кыргызстан Эгемендикти алганына 29 жыл толду

31 Баш оона 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстан Эгемендикти алганына туура 29 жыл толду. 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөңүндө декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы көз карандысыз эгемендүү демоктратиялык суверендүү мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. 

Мына ошол күндөн тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишкен. 

Бул жолу коронавируска байланыштуу «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чарага эл чогулбайт. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 12034