• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы сөз эркиндигин кысымга алууну токтотууну талап кылды

19 Жалган куран 2019 14:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта «Бүтүн Кыргызстан» партиясы «Супер Инфо» гезити боюнча билдирүү таратты.

«Бийлик Кыргыз мамлекетиндеги эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитин кысымга алууга киришти. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат. Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш.

Бийликтин бул аракети Кыргыз өлкөсүнүн Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек!

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы бийликтен сөз эркиндигин камсыздоону жана өлкөдөгү эң көп нускалуу гезитти кысымга алууну токтотууну талап кылат. Гезиттин миңдеген, он миңдеген окурмандары ар тараптуу маалымат алуу укугунан ажыратылбашы керек», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 32