• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баары казылган. Чолпон-Атанын жолдору качан жасалып бүтөт?

22 Үчтүн айы 202512:58 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын июнь айына чейин Балыкчы-Корумду жолун толугу менен реконструкциялоону аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Мирислан Жекшеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин каттамдын негизги бөлүгүндө иштер бүткөрүлгөн. Азыр Чолпон-Атада оңдоо иштери жүрүп жатат. Алар ал жерде трассаны эле оңдобостон, унаа токтотуучу жайларды уюштуруп, башка инфраструктураны да түзүшөт.

«Май айынын аягына чейин Чолпон-Атадагы бардык иштерди бүтүрүп, жолду өткөрүп беребиз», — деп ишендирди Жекшеев.

2015-жылдын октябрында Кыргызстан менен кытайлык “Лонг Хай” компаниясы Балыкчыдан Корумдуга чейинки 104 чакырым жолду оңдоо боюнча келишимге кол коюшкан. Жалпы суммасы 6,8 миллиард сомду түздү. Эки жылдын ичинде трассаны толугу менен реабилитациялоо пландалып, бирок подрядчынын тандоосуна байланыштуу жаңжалдан улам иш өз убагында бүтпөй калган – бюджеттик каржылоодо үзгүлтүккө учураган.

Количество просмотров: 227