• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баатырова Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болду

23 Баш оона 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Анын ордуна Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткарып жаткан.

16-августта Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялаган. Ал “Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 12282