Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Нарын облусундагы 3 жашар баланын өлүмү боюнча комментарий берди.
Бейшеналиев бул иш анын жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.
«Бул факты боюнча комиссия түзүлүп, иш боюнча бардык жагдайлар иликтенип жатат, эмдөө алганга чейин балада башка кошумча оорулар бар экен, ушул боюнча комиссия иш алып барып жатат. Жыйынтыгы чыккан соң анын өлүмүнө себебин айта алабыз», — деди министр.
Эске салсак, 16-июлда Нарында үч жашар бала каза болгону белгилүү болуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча иликтөө иштерин баштаган. Каза болгон баланын ата-энеси дарыгерлер өз милдетине шалаакылык менен мамиле кылышканын айтышкан болчу.