• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт

4 Баш оона 2022 10:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле калкты эмдөөнүн жүрүшү каралды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, азыркы тапта инфекцияны жугузуу учурларынын санынын кыскаруусу байкалууда. Ошону менен бирге ведомство жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде беткап тагынуу эрежесин сактоону сунуштайт.

Байсалов калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коронавируска каршы бирден бир коргонуу жолу бул эмдөө, өзгөчө өнөкөт оорулары бар жана улгайган адамдар үчүн. ДССУнун маалыматы боюнча, жакынкы айларда өлкөлөрдө SARS-CoV-2 учурларынын, ооруканага жаткыруулардын жана өлүмдөрдүн бир же бир нече өсүшү байкалышы мүмкүн, бул сасык тумоо жана башка респиратордук инфекциялардын көбөйүшү менен коштолушу же коштолбошу мүмкүн, мисалы респиратордук синцитиалдык инфекциялар козгогон. Жаңы штаммдардын же SARS-CoV-2 сублинияларынын пайда болушу ооруканага жаткыруулардын жана адам өлүмү учурларынын өсүшү менен коштолгон жаңы толкундарга алып келиши мүмкүн, бул медициналык мекемелердин жүктөмүнүн көбөйүшүнө таасир бериши ыктымал», — деди ал.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 405