• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов Кыргызстанга келет деген маалымат жалган

17 Чын куран 2018 17:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов тайкесине топурак салганы бүгүн, Кыргызстанга учуп келбейт. Бул тууралуу маалыматты Бабановдун шайлоо учурундагы кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев  Govori.TV сайтына билдирди.

«Бүгүн Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга учуп келет деген маалымат чындыкка туура келбейт. Ал болгону ушак»-дейт Намазалиев.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановдун бир тууган тайкеси мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, коомчулукта Бабанов тайкесине топурак салганы бүгүн, Кыргызстанга учуп келет”-деген сөздөр таркады.

Ал эми буга байланыштуу кээ бир маалымат булактары Өмүрбек Бабанов, Кыргызстанга келери менен Садыр Жапаровдун тактикасына алынып камакка алынат деп дагы  жазып чыгышты.

фото: Kloop.kg

Количество просмотров: 17