• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов Кыргызстанга кайра кайтып келүүсү мүмкүнбү?

21 Аяк оона 2018 15:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.09.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү үчүн Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады деген кине менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми Бабанов шайлоодон соң “Мен саясатты таштадым, сөзүмө турдум”,- деп өлкөдөн чыгып кеткен.
“Кымбаттуу Кыргызстандыктарым, мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат».
Көп өтпөй бийликти күч менен басып алууну көздөгөн деп экинчи кылмыш иши козгогон.
Бабановдун Кыргызстандан чыгап кеткенинен 7 ай өткөн соң, анын уулу Президент Жээнбековдун колунан «Алтын сертификат» алган. Буга байланышту Өмүрбек Бабанов ага Бишкектен жөнөтүлгөн видеону социалдык тармакка жарыялап, Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирген.
19-сентябрда Жогорку Кеңешин жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев маселе козгоп, Бабановдун тергөө иштери кандай өтүп жатканын сураган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштеринин тергөө процесси токтотулганын билдирди. Мындай таризде кете берсе Бабанов Кыргызстанга кайра кайтып келүүсү мүмкунбу?

Количество просмотров: 49