• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Мобильник» электрондук капчыгындагы акчалар кайтарылат

4 Бирдин айы 2019 16:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV

“Мобильник” электрондук капчыгындагы бардык акчалар “Бай-Түшүм” банкында сакталып турат. “Мобильник” ишканасынын техникалык көйгөйү жөнгө салынгандан кийин кардарларга бериле баштайт. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.

“Бай түшүм” банкы электрондук капчыкка салынган акчалардын сакталышына жана кайра кайтарылышына кепилдик берет.

Ошондой эле “Түндүкэлектр” ишканасы 1-январдан тарта “Мобильник” менен кызматташуусун токтотконун жарыялады. Ага 2018-жылдан бери төлөмдөрдү кабыл алууда “Мобильниктин” туруксуз мамилеси себеп болгон.

Эскерте кетсек, 1-февраль күнү “Мобильник” ишканасынын серверинде техникалык мүчүлүштүктөр пайда болгондугуна байланыштуу «Бай түшүм» акча берүүнү убактылуу токтоткон. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 33