• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Байдендин уулу салык төлөбөгөнүн жана мыйзамсыз курал сатып алганын мойнуна алды

21 Кулжа 2023 9:09 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден эки айып боюнча өзүн күнөөлүү деп табууга макул болду. Бул тууралуу «Би-Би-Си» кабарлады.

Биринчи айып 2017-2018-жылдары төлөнбөй калган салыкка байланыштуу. Кийин Хантер Байден ал сумманы толугу менен төлөгөн.

Экинчи иш 2018-жылы Хантер Байдендин Colt Cobra 38 special үлгүсүндөгү тапанчаны сатып алганына байланыштуу. Тергөөнүн маалыматына караганда, Хантер анда сатуучудан 11 күн катары менен маңзат колдонгонун жашырган.

Президенттин уулу өзүн бул айыптар боюнча күнөөлүү деп табууга макулдук берүү менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулушу мүмкүн. Бул үчүн ал прокурорлор белгилеген шарттарды аткарышы керек болот: эки жыл маңзат колдонбоо жана эч качан курал-жаракка ээлик кылбоо. «Би-Би-Си» белгилегендей, Хантер ошондой эле медикаментоздук дарыланууга да макулдук бериши ыктымал.

53 жаштагы Хантер Байденге бул айыптар мурдагы президент Дональд Трамп дайындаган прокурор Дэвид Вайстын иликтөөсүнүн жыйынтыгында тагылган.

Количество просмотров: 64