• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Байсалов өлкөдө бюджет тартыштыгында кризис жок деп эсептейт

15 Бештин айы 2022 11:31 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бюджеттин тартыштыгында кризис жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, акыркы убакта анча деле компетенттүү эмес сынчылар бийликке негизги нааразычылык катары жыл аягына чейин белгиленген 30 миллиард сом бюджеттин тартыштыгын айтып жатышат.

“Журналисттер бүткүл дүйнөгө “рекорддук дефицит” деп жазышууда. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаровдун тушунда бюджет чындыгында үч жылда эки эсеге көбөйгөнүн унутуп коюшту. Эмгек акынын, пенсиянын жана пособиелердин мурда болуп көрбөгөдөй жогорулашын эл сезип калды. Өлкөнүн ар тараптан динамикалуу өнүгүп жатканын баары көрүп турат. Бирок мамлекетибиздин ачык-айкын жетишкендиктерине эч нерсеси жок биздин ата мекендик скептиктер түздөн-түз ушул бюджеттин тартыштыгына жабышып, бизди жемелеп, бетке такап жатышат. Буга чейин бир нече жолу премьер-министр Акылбек Жапаров менен Каржы министри Жогорку Кеңештин трибунасынан түшүндүрмө беришкен, бирок айрымдары ала албай жатышат», — деп жазган ал.

Байсалов «тартыштыктын ойдон чыгарылган сандарына» байланыштуу кам санабоо керек деген пикирин жазган.

«2022-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 282,2 миллиард сом көлөмүндө бекитилген. Ал эми чыгым 291,2 миллиард сом. Бюджеттин бекитилген бул долбооруна ылайык, тартыштык 9,1 миллиард сомду түзүшү керек болчу», — деп белгилеген Байсалов.

Ал кирешенин 8,4 миллиард сомго азайып кетиши — баарынан мурда соода санкцияларынан бажы кирешелеринин жана ЕАЭБ бажы төлөмдөрүнүн жалпы казынасынын азайышы менен байланыштуу деген. Бюджеттик кирешенин акыркы суммасы 273,7 миллиард сом болот деп болжолдонууда.

Количество просмотров: 123