Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактын активдүү колдонуучусу жана азыркы бийликтин активдүү жактоочусу Бекзат Өмүрбековдун камакка алынышы боюнча комментарий берди.
Бийликтин активдүү жактоочусунун кармалышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Журналист Айбек Бийбосунов: «Бекзат камалгандан кийинки реакция бийликтин дакандарына эл тоюп кеткенинен кабар берет. Бекзат эмнени, кимди гана жазган жок. Бириңер кой деп койбодуңар. Ага окшогондор азыр да толуп жатат»,-деген пикирин жазган.
Ага Байсалов жооп кайтарып, өзүнүн фейсбук баракчасына кыскача билдирүү жазды.
«Туура айтасын, Айбек! Бирок! Калыстык үчүн! Бийлик жетекчилигине да туура баа берип кой, Айбекбай! Жакындыгына карабай «күнөлүү болсо, жазасын тартсын» деген акыйкаттык. «Несмотря на прежние заслуги, неприкосновенных нет» деген саясат»,-деп жазды Байсалов.
Эске салсак, Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип кармалган.