• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бакыт Төрөбаев шайлоо адында берген убадасынын 33-сүн аткарды

29 Жалган куран 2019 16:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.03.2019. Govori.TV.

Бүгүн, 29-мартта Сокулук районунун Манас айылында бут кийим өндүрүүчү фабрика ачылды. “Жумуш орун деген эмне?”– деген темадагы иш чарага Жогорку Кеңештин  депутаттары, өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин  өкүлдөрү катышты.

Заводдун ачылыш аземинде депутат Бакыт Төрөбаев партия шайлоо адында 61 ишкана ачып, 10 миң  жумуш орун түзүлөрүн убада кылганын эске салып, бул 33-ишкана экенин белгиледи.

“Мамлекеттин өнүгүүсү жумуш ордунан башталат. Бул орун менен баары байланышта, эгерде продукциясы сатылбаса, анда орду дагы жок болуп, миграциянын агымы көбөйөт. Андыктан, жумуш орун өндүрүлгөн продукциянын сатылышына жана мамлекеттин бул багыттагы максаттуу саясатына көз каранды”, – деди Бакыт  Төрөбаев.

Ошондой  эле, эл өкүлү район, айыл өкмөттөрдөгү дүкөн жана базарлардын ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, ата-мекендик ишканалардан өндүрүлгөн продукциялардын сатылышын алардан суранышыбыз зарыл деген пикирин айтты.

“Өкмөт Борбор Азияда, ЕАЭБдин аймагында жеңил өнөр жай тармагындагы кайсы чийки заттар (сырье) өндүрүлбөгөндүгүн билип, анализ жүргүзүп, ошол сырьедон даяр продукцияны чыгарган завод-фабрикаларды куруу керек деп эсептейм. Жогоруда аталган аймакта атаандаштыкка шарт түзүү менен бирге өкмөт ата мекендик өндүрүшчүлөргө коргоо чараларын жүргүзүп, тармакка индустриализация сыяктуу жаңы технологияны киргизүү учурдун талабы”,- деп белгиледи Төрөбаев.

Депутаттын пикиринде, мамлекет тез арада жеңил өндүрүшкө киришип, завод-фабрикаларды ачып, модельер-дизайнерлерди, орто кесиптик адистерди даярдашы керек. Анткени, кошуна мамлекеттер ушул багытта абдан тез ылдамдыкта иштерди  жасап жатышат.

“Бизде өзүбүздүн базарыбызды жоготуп алуу коркунучу бар. Статистикага таянсак, бут кийим өндүрүү тармагында акыркы үч жыл аралыгында өндүрүш  60%га төмөндөгөн. Ал эми жеңил өнөр-жай тармагында импорт 7 эсеге  өскөн”, – деп кошумчалады депутат.

Жаңы ачылган заводдо 50 адам эмгектенет. Өнүдүрүлгөн продукция ички жана сырткы рынокко чыгат.

Булак: “Калыс Медиа”

Количество просмотров: 17