• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бала бакчада Каабанын макетинин айланган бөбөктөр. Милиция окуяны текшерүүдө

2 Кулжа 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

Соцтармактарда “Айдаркенде бала бакчанын тарбиялануучулары Каабанын макетинин айланасында тегереништи” деген видеого байланыштуу Баткен ОИИБ билдирүү таратып, түшүндүрмө берди.

«Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында 2022-жылдын 6-май күнү, Орозо-Айт майрамга карата балдарга ажылык сапарында жана Умра сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берүү максатында ачык саат уюштурулуп, ачык саат учурунда балдар бакчасынын ичине жасалган Каабаны айланып келме айтышкан учурду тарбиячысы видео тасмага тартып ата-энелерге отчет иретинде ватсапп группасына жөнөткөн. Бул видео социалдык тармактарга таркап, коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда. “Сумая” балдар бакчасы орус тил багытындагы бакча, эч кандай диний мекемелерге тиешеси жок», — деп жазылат маалыматта.

Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп материал 2022-жылдын 31-май күнү Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 418