• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бала бакчанын терезесинен түшүп кеткен наристе боюнча текшерүү жүрүп жатат

14 Кулжа 2022 11:02 Бишкек Govori.TV

Ноокаттагы бала бакчанын терезесинен түшүп кеткен наристе боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында, Ноокат шаарынын М.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан “Саламат” балдар бакчасынын терезесинен жаш бала түшүп кеткендигин, Ноокат РИИБдин милициянын участкалык уполномоченный кызматкери милициянын лейтенанты Абдыкапаров М. кабарлаган.

Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге Ноокат РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды: 2022-жылдын 13-июнь күнү Ноокат шаарынын М.Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан “Саламат” балдар бакчасына Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну 25 жаштагы Б. Т саат 11:10 чамасында өзүнүн 4 жашар Ө. И аттуу баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып келип, балдар бакчасынын директоруна тапшырып кеткендиги, ал эми жаш өспүрүм болжол менен саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калгандыгы, ал эми жаш өспүрүмдүн асылып тургандыгын көрүп калган, Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын тургуну 67 жаштагы М. М кармап калган.

Бул окуя боюнча жаш өспүрүм Ө.И карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок Ө.Инин ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышып, окуя боюнча “Саламат” балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз доосу жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Алдын ала алынган маалымат боюнча “Саламат” балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет, Ноокат шаардык мэриясына караштуу бүгүнкү күндө балдар бакасынын жетекчиси Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Калдай айылынын тургуну 49 жаштагы Д. Д.
Ошондой эле бул окуя бюнча 13.06.2022-жылы Айжаркын Суйунбай кызы өзүнүн “facebook” баракчасына жарыялаган.

Аталган иштин алкагында “Саламат” балдар бакчасы боюнча тийиштүү мекеме ишканаларга каттар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 139