• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бала сатууга шектелген дарыгерлерге дагы бир кылмыш иши козголду

22 Аяк оона 2018 15:05 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек.22.09.2018.Govori.TV

Учурда беш гинекологго 4-кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагына киргизилди. Мындан башка шектүүлөргө карата иликтөо иштери уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын баары жогорку билимдүү. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым дарыгерлер мыйзамсыз негизде аборт жасап, шарты жок жерден төрөт кабыл алып, ымыркайларды сатып жүрүшкөнү маалым болгон. Мындан тышкары, дарыгерлер балдарга жасалма документтерди да жасап беришкен деп жазывлат маалыматта.

«Азыр бала сатуу боюнча үч факты аныкталды. Ымыркайларды Кыргызстанда туулган бирок Орусиянын жарандыгын алып ошол жакта жашап, иштеп жүргөндөр сатып алган. Кармалгандарга “адам сатуу”, “мыйзамсыз аборт кылуу” жана “жасалма документтерди даярдоо, колдонуу” беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон. Учурда, ИИМге кайрылган аялдын арызынын негизинде төртүнчү кылмыш иши козголду. Ал эми кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда авто унаасынан ымыркайлардын денеси табылды делген маалымат чындыкка жатпайт”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-сентябрь күнү жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жаткан жеринен мамлекеттик ооруканалардын биринде иштеген гинекологдор кармалган эле.

Количество просмотров: 37