• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балбак Түлөбаев базарчылар менен күрөшкө алы жетпей, Ташиевке кайрылды

26 Үчтүн айы 2021 9:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын айтты.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жолдогон.

«Айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. «Ош» базарынан, «Аламүдүн» базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик», — деди Түлөбаев.

Ошондой эле Түлөбаев «Ош» базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин кошумчалады. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тарап, талкууга жем таштаган.

Количество просмотров: 350