• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев медиктерге берген жолтандабасты президенттин иш башкармалыгы колдонууда

27 Үчтүн айы 2021 9:52 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маалыматтар тарады.

Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага президенттин иш башкармалыгы менен алмашып алганын кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын айткан.

Эске салсак, бир нече ай мурун социалдык тармактарда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Кийинчерээк, облустун ошол кездеги жаңы башчысы Балбак Түлөбаев жол тандабас унаасын сатып, андан түшкөн каражатка тез жардам унаасын сатып алууну пландаган. Кийин унаа Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

Количество просмотров: 796