Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын уюшулган кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 22-23-ноябрь күндѳрү облус аймагында “Бандит” аталыштагы ыкчам иш-чараларды өткөрдү.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чаранын негизги максаттуу багыттары:
Иш-чаранын жүрүшүндѳ Ош облусунун аймагында 35 кылмыш жана жоруктар аныкталган. Алардын ичинен 18 уурулук, эки майда уурулук, бир опузалап талап кылуу, 11 алдамчылык, бир мыйзамсыз ок атуучу куралды жана ок дарыларды айландыруу, бир шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, бир башка кылмыштар.
Ошондой эле ИИМдин ыкчам тизмелик каттоосунда турган уюшулган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан мурда кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар өткөрүлдү. Жалпысынан мурда тоноочулук менен соттолгон 36 жаран текшерилди. Мындай иш-чаранын алкагында жалпысынан 56 адам текшерүүдөн өтүп, ыкчам кызыкчылык пайда кылган 7 жаран профилактикалык каттоого алынды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган 11 жаранды ички иштер бөлүмдөрүнө алып келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга 28-ноябрь күнү өтө турган Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө үгүт жана башка иш-чараларына кийлигишбөө жана мыйзам бузууларга барбоо боюнча түшүндүрүлүп, эгерде мыйзам бузуучу аракеттерге баруучу болсо катуу чара көрүлө тургандыгы боюнча эскертүү берилди.
Алар: